Site icon Reporter.kg

Министр COVID-19дун төртүнчү толкуну качан болоорун айтты

Кыргызстанда шайлоодон кийин COVID-19дун төртүнчү толкуну күтүлүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мындай божомол шайлоо учурунда адамдар жакын болуп, бири -бирине жугушу мүмкүн экендигине негизделген.

Чиновник оорунун күчөшүнүн олуттуу кесепеттерин болтурбоо үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуштады.

«Эгерде сиз эмдөөдөн өтсөңүз, эл жаңы толкунду оңой эле жеңип чыгат. Азыр калктын 28 пайызы гана экинчи дозасы менен эмделди. Августтан бери эмдөөнүн көрсөткүчү кыйла төмөндөдү», — деди ал.

Белгилей кетсек, 4-октябрга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 178  миң 783гө жетти.

Exit mobile version