Site icon Reporter.kg

Министр Иманов Ширшов менен жолугуп жүргөнүн ырастады

Санарип өнүгүү министри Талантбек Иманов «Дастан» трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов анын кызматтык автоунаасы менен жүргөнү тууралуу маалыматты четке какты.

«Азаттыкка» берген комментарийинде ал Ширшов менен жолугуп турарын ырастады.

“Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес», — деди Иманов.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы жеке булактарына таянып 11-майда Алексей Ширшов Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов атуу адам менен бирге саат 17:00дөр чамасында «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүнө чогулганын жана ал жерде эки саатка жакын сүйлөшкөнүн жазып чыккан.  Алексей Ширшов Апышевге таандык деген унаа менен чыгып, министр Талантбек Имановдуку болушу мүмкүн деген машинеге отурганын тартып алганын жазган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ширшовду «Коррупция» беренеси менен кармаган. Андан соң бир суткага жетпестен кайрадан  үй камагына чыккан кабарланган.

 

Exit mobile version