Министр: Коронавирус инфекциясынын жайылуусу 20 күндөн кийин азаят

Министр: Коронавирус инфекциясынын жайылуусу 20 күндөн кийин азаят

Коронавирус инфекциясынын жайылуусу 20 күндөн кийин басаңдайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Reporter.kg’ге бүгүн, 2-ноябрда маек берип жатып билдирди.

Министр парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинин байма-бай өтүүсү, массалык түрдө элдин чогулуусу илдеттин жайылуусуна алып келгенин белгиледи.

«Учурда вирусту азайта турган бир топ иш-чаралар жүрүп жатат. 15-20 күндөн кийин коронавирустун пик формасы азая баштайт. Ал азайганы менен сасык тумоо башталышы мүмкүн. Ага дагы даярдыктар жүрүүдө», — деди министр.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>