Министр: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар айлык акыга жумшалат

Министр: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар айлык акыга жумшалат

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар айлык акыга жумшалат. Бул тууралуу вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө депозиттик эсепке 2 миллиард сомдон ашык каражат түшкөн.

“Мамлекеттик органдар айтып жаткан 4 миллиард сом деген, ал кыймылсыз мүлк менен кошуп айтылып жатат. 2 миллиард сомдон бир аз ашык суммадагы каражаттын 1 миллиард 836 миллион сому медкызматкерлерге берилет. Белгилүү болгондой, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктеринин айлык акысы 100%га жогорулатылган. Ошондой эле стационарда иштеп жаткан медкызматкерлердин маянасын 1-июлдан баштап 50%га көбөйткөнбүз. Бул каражаттар айлык акы төлөөгө булак катары колдонулат”, — деген ал.

Ошондой эле депозиттик эсептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандардын үстүк пайызын төлөөгө 727 миллион сом жумшалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>