Site icon Reporter.kg

Министр: Майнинг-ферма Кыргызстандын электр энергиясын колдонбойт

Кыргызстанда бир гана майнинг-ферма иштейт. Бул тууралуу брифингде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, ал Кыргызстандын электр жарыгын колдонбой, россиялык «Интер РАО» энергетикалык компаниясы Казакстандан жеткирет. 

«Кыргызстандагы жалгыз майнинг-ферма электр энергиясын Казакстан аркылуу жеткирген россиялык «Интер РАО» энергетикалык компаниясынан алат», — деди министр. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-марттан тарта электр жарыгына чектөө киргизилди. Өчүрүү графигин министрлик сайтта жарыялап турмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version