Site icon Reporter.kg

Министр: Медицинадагы чоң коррупциялык иштерге туугандары кийлигишип жатат

Мамлекеттик оорукананалардын корпустарын, жерлерин сатып жибергендер укук коргоо органдарындагы тааныштары кийлигишип, ишти токтотуп жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиодогу” түз эфирде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал, “абдан көп коррупциялык схемаларды түзүп жаткан дарыгерлерди укук коргоо органдарына берип жатабыз. Бирок, биз кыргыз экенбиз. Алардын баарынын эле  укук коргоо органдарында баласы, таанышы иштейт экен, бул фактыларды жаап, токтотуп жатат. Кайра-кайра укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз. Мен медициналык системада коррупциялык тизмедеги 17 кишинин тизмесин президент Садыр Жапаровго бердим. Эмне үчүн дегенде, кайсы бир процесске жеткенде эле токтоп калып жатат. Кээ бир ооруканалардын жер тилкелерин сатып жиберишкен экен, кээ бирлери корпустарды сатып жиберген экен. Бул фактыларды укук коргоо органдарына берсек, сот бизге жеткенде карабай коюп, ар кандай шылтоо менен создуктуруп жатат. Биз да бул маселе менен күрөшүп жатабыз. Бул 17 кишинин тизмеси чоң-чоң фактылар. Ал эми калган жемкорлуктар менен колдон келишинче күрөшүп жатабыз” – деп угарманга жооп берди Бейшеналиев.

Exit mobile version