Site icon Reporter.kg

Министр: Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүндө коронавирус тастыкталды

22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүндө коронавирус инфекциясы тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 24-апрель күнү Стамбулдан келген 351 жарандан анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт.

Акыркы бир жумадан бери чет жакта жүргөн Кыргызстандын жарандарын чарттердик каттамдар менен алып келүү иштери жүрүп жатат. Алдыда дагы Дубайдан жана Екатеринбургдан кыргызстандыктарды алып келүүгө атайын учактар даярдалууда.

Exit mobile version