Министр: пандемияга карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти

Министр: пандемияга карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти

Пандемия шартына карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Мындай пикирин брифингде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтуусуна караганда быйыл буудай жылдагыдан 80 тоннага көп болуусу күтүлүүдө. 

“Пандемия шартына карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Алсак, буудайдын себилиши өткөн жылга караганда 7,5 миң га жана арпанын себилиши 11,2 миң га көп болду. Бул буудайдан 2 центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет. Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз», — деди Чодуев.

Мындан сырткары ал өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна айыл-чарба жаатында донорлордун жардамы менен 3 түрдүү жеңилдетилген насыялар гранттык түрдө берилгенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>