Site icon Reporter.kg

Министр Жаманкулов Таласта таш бетине тартылган сүрөттөр менен таанышты, — сүрөт

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас районунун караштуу Көпүрө-Базар айылына барган. Анда аталган аймактагы Туюк-Төр аска – таш бетине тартылган сүрөттөр жайгашкан жерге барып (петроглифтер), учурдагы анын корголушу жана сактоо иш аракеттери менен жеринин таанышкан.

Министр аталаган маданий- тарыхый эстеликти сактап калууну камсыздоо жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл экендигин белгилеп, тарыхый маданий баалуулукка изилдөө иштерин дыкат жүргүзүү керектигин айткан.

Министрдин иш сапары дагы уланып,  Талас районундагы Ак- Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай- Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый- маданий мурас объекттери менен жеринен таанышуу пландалган.

Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү жана уникалдуу эстеликтердин катарына Ур-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет.

[su_image_carousel source=»media: 42049,42050,42051,42052,42053,42054,42055″ crop=»none» autoplay=»4″]

   

 

        

 

 

Exit mobile version