Site icon Reporter.kg

Министрдин орун басары Рогальский депутаттардын сынына кабылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Аркадий Рогальский мыйзам долбоору туурасында түшүнүг жок болгондугу жана телефон чукулап отургандыгы үчүн депутаттардын сынына кабылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо министрдин орун басарынын эч нерсе менен түшүнүгүүнүн жоктугун катуу сындап чыкты.

“Өкмөттүн мүчөсү катары Аркадий Рогальский кечээ да комитеттин жыйынына келген. Эч кандай түшүнүгү жок. Эч кандай кызыктары жок. Кечээ комитетке киргенде да телефон чукуп отуруп, комитеттин бир топ мүчөсүнөн сын уккан. Бүгүн дагы ушул мыйзам кандай экенинен кабар албай келгендиги үчүн маселе кылышыбыз керек. Кечээ министр Кутмановага тапшырмаларды бергенбиз. Аркадий Рогальский кандай критерийлер менен келгени туурасында, ишмердүүлүгү тууралуу, буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебегендиги тууралуу маалыматты бизге кагаз жүзүндө берсин дегенбиз. Бүгүн биз ушул маселени карайбыз. Бул эмне деген шумдук? Мыйзам долбоору кабыл алынат деп жатса, бул жерде карама-каршы жагы бар деп жаткан сөзү. Болбосо Кыргызстандагы бүтүндөй тоо-кенин кучактап отурган ушул киши болуп жатат. Буга аябай тыкыр көз караш менен мамиле кылышыбыз керек”— деди.

Exit mobile version