Саламаттыкты сактоо министри коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алгачкылардан болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Министр жана анын орун басарларына вакцина Бишкектеги №7 үй-бүлөлүк медициналык борборунда сайылды. Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Алгач “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери күтүлүүдө.