Министрлер кабинети «Ходжаи Аъло – Ворух» унаа жолун бирге куруу боюнча түшүндүрмө берди

Министрлер кабинети «Ходжаи Аъло – Ворух» унаа жолун бирге куруу боюнча түшүндүрмө берди

1-майдагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын № 39 Протоколунун экинчи жана үчүнчү маселеси боюнча Министрлер кабинети түшүндүрмө берди.

Кыргыз өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары Лейлек районунун аймагында жайгашкан №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейинки тилкесин жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин гана жазууга пайдаланылат.

Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло – Ворух» автомобиль жолу Баткен районунун факт жүзүндө пайдаланылуучу жерлеринде биргеликте курулат.

Аталган автожолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын  жазууга киришүүнү макулдашты.

Ошол эле учурда автожолдун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>