Министрлик үйүндө телевизору жок окуучулар сабакты кантип окуйт деген суроого жооп берди

Министрлик үйүндө телевизору жок окуучулар сабакты кантип окуйт деген суроого жооп берди

Бүгүн, 8-апрелден тарта мектеп окуучулар 2019-2020- окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта окуп башташты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, «Баластан» телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлө баштады.

Ал эми үйүндө телевизору жок үй-бүлөлөрдүн балдары кантип окуйт? деген суроого Жусупбекова төмөнөндөгүдөй жооп берди.

«Телевизор жок жарандардын балдары ошол аймактагы демөөрчүлөр жардам беришүүдө. Мындай маселелер  жергиликтүү бийлик менен кошо чечилип жатат«, — дейт Надира Жусупбекова.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>