Министрлик: Өлкөдөгү бардык унаа жолдордо каттамдар ачык, жол куруу уланууда

Министрлик: Өлкөдөгү бардык унаа жолдордо каттамдар ачык, жол куруу уланууда

Өлкөнүн бардык унаа жолдорунда каттамдар ачык. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, учурда жолчулар курулуш жана ондоо иштерин улантууда.

“Казарман-Актал-Чат автожолу Кара-Гөө ашуусу, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолу Сөөк ашуусунда жолду кенейтүү иштери аткарылууда. Ал эми учурда өлкөдө түзүлгөн абалда иштеп жаткан адистер санитардык нормаларды сактап иш алып барышууда, зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыздалышкан”, – деп жазылат маалыматта.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов 20-майдагы парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда иштеген 500 кытайлык жумушчу Кыргызстанга келе албай жатканын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>