Ушул жылдын 10 айына карата республика боюнча вирустук гепатиттердин биринчи жолу болуп 6600 учуру катталды. 2018- жылы бул көрсөткүч 7200дү түзгөн.Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бул жылы оорунун төмөндөшү байкалууда.
Вирустук гепатит “А”
Вирустук гепатиттердин ичинен гепатит “А” 93,6% түзөт. Вирустук гепатит “А” оорусуна чалдыккандардын ичинен 87,4% 14- жашка чейинки балдар (5400 учур), калган 12,6% чондор түзгөн. Вирустук гепатит “А” оорусунун булагы болуп оорулуу адам эсептелинет, оору байланыш-тиричилик жолу менен тазалыкты сактабаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук болуп мүнөздөлөт, ошол себептен жогорку көрсөткүчтөр күз-кыш мезгилинде катталат.
Вирустук гепатиттин «В» түрү
2019-жылдын 10-ай аралыгында курч вирустук гепатиттин «В» түрүнүн 2018-жылдагы катталган 275 учурга каршы 204 учур катталып, оорунун 27,3% төмөндөшү байкалууда.
Ооругандардын ичинен 98% 20-жаштан жогоркулар түзөт. Инфицирленген кан жана аны менен байланышкан суюктуктар — шилекей, бел суу ж.б. вирустук гепатит В, С вирустарынын жугуу жолдору болуп эсептелет. Жугуу жолдору табигый жана жасалма болот.
Вирустук гепатиттин «В» түрү менен ооруну стабилизациялоо максатында 2000-жылдан баштап Улуттук алдын-ала эмдөө календарына жаңы төрөлгөн балдарды гепатиттин «В» түрүнө каршы эмдөө киргизилген. Натыйжада 16-жашка чейинки балдар арасында эмдөөнүн толук курсун алган балдар арасында курч вирустук гепатиттин «В» түрү менен оорунун ылдыйлашы 100% байкалган.
Өкмөттүн 2012-жылдагы токтому жана саламаттык сактоо министрлигинин 2015- 2018-жылдардагы буйруктарынын негизинде кан менен байланышта болгон бардык медициналык кызматкерлер вирустук гепатиттин «В» түрүнө каршы эмделиши керек.
Вирустук гепатиттин «С» түрү
2019-жылдын 10-ай аралыгында республика боюнча курч вирустук гепатиттин «С» түрүнүн 44 учуру катталды, ал эми 2018-жылы 50 учур катталган.
Вирустук «С» гепатити боюнча негизги тобокел топтор болуп наркотиканы ийне менен сайынгандар, жана секс-кызматкерлери (СК) саналат. Вакцинанын жана дарылоонун эффективдүү чараларынын жоктугу, инфекцияга каршы көзөмөл жүргүзүүнү татаалдаштырат. Адабият чагылдырылуусу боюнча оорунун клиникалык белгилери болгону 10-15% чыгат, калган учурларда оорунун белгилери байкалбайт, ушундан улам оорулуулар өзүнүн оору статусунан кабарсыз болуп, медициналык жардамга кайрылышбайт.