Мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү баскыч-баскыч менен уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрлик өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, тобокелдиктерди азайтуу менен 12 жылдык билим берүүнү этап менен киргизүүнү улантат.
«Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаш курактан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт. Ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган», — деп билдирет министрлик.
Маалым болгондой, билим берүүнү трансформациялоону каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат
«12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул мектеп окуучуларына багытты тандоого аң-сезимдүү түрдө барууга жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берет», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик билдиргендей, билим берүүнү трансформациялоонун маанилүү аспекттеринин бири – мектепке кабыл алууда балдардын даярдык деңгээлин теңдештирүү. Бул ар бир бала үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.
«Мектептердеги окуучу орундардын жетишсиздиги көйгөйү да көз жаздымда калган жок. Жаңы системаны киргизүү жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууну камтыйт, бул билим берүү уюмдарына келчү жүктү теңдөөгө мүмкүндүк берет.
Министрлик бардык келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди талдоону улантууда. Ар бир жаран өзүнүн суроолоруна жоопторду ала алышы үчүн коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш күчөтүлөт. Толук маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин расмий ресурстарына жайгаштырылат», — дейт министрлик.
Эскерте кетсек, 3-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүгө каршы экенин билдирген. Анын билдирүүсүнөн кийин коомчулукта 12 жылдык билим берүүнү киргизүү боюнча ача пикирлер айтылып, бири керек десе, зарыл эмес деген ойлор айтылган.
Мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев да өз пикирин билдирип, аталган системанын оң жактары тууралуу айткан.
4-мартта Ташиев анын билдирүүсүнөн кийин Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуулар, тиешелүу органдардын өкүлдөрү менен президенттин катышуусунда аталган маселе боюнча жыйын өтүп, 12 жылдык билим берүүгө акырындык менен өтүү чечими кабыл алынганын айткан.