Site icon Reporter.kg

Министрлик 80 миң мугалимге ноутбуктарды алып берүүнү пландоодо

Билим берүү жана илим министрлиги 80 миң мектеп мугалимине ноутбуктарды алып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Ноутбуктар «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында сатып алынат.

Министрлик ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрдү коммерциялык сунуштар менен edu@mail.gov.kg почтасына кайрылууларын өтүнөт. Сунуштар 7-июнь саат 17:00го чейин кабыл алынат.

Толук маалымат министрликтин сайтынан алууга болот.

Exit mobile version