Site icon Reporter.kg

Министрлик «Англис тилинин бир айлыгын» жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын англис тилине кызыгуусун жогорулатуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында «Англис тилинин бир айлыгын» жарыялады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Анын алкагында билим берүү мекемелеринде ар түрдүү кызыктыруучу иш-чараларды, сынактарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды жана англис тилинин дүйнөдөгү орду тууралуу ачык сабактарды өткөрүү пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version