Site icon Reporter.kg

Министрлик: Бүгүн өлкөгө өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат

Өлкө аймагында коронавирус инфекциясы жайылып жатат. Буга байланыштуу өзгөчө абал киргизүү боюнча маселе карала турганын Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат”, — деди Каратаев.

Exit mobile version