Site icon Reporter.kg

Министрлик: Балдар арасында эпидемия жок

Акыркы күндөрү, WhatsApp мессенджери аркылуу Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде массалык түрдө оор абалда ооруп жаткан балдар катталууда, мындан улам кабыл алууга бош орундардын жетишсиздиги бар деген маалымат тараган. Саламаттык сактоо министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

Маалыматка ылайык, бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай “Балдар эпидемиясы” жок.

— Бишкекте COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Бишкек шаарындагы №6 клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. №6 клиникалык оорукананын жетекчилигинин айтымында, 120 койко-орундуктун ичинен 42си бош.

— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 койко-орундук COVID-19 илдети менен ооругандарга даярдалган. Анын ичинен 150 орун бош.

— Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 койко-орундук даярдалып, анын ичинен 60га жакыны бош турат.

— Саламатык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун милдетин аткаруучу Мира Кыдырбаеванын айтымында, облус боюнча балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 койко-орундук даярдалган, анын ичинен 115и бүгүнкү күндө бош турат.

Exit mobile version