Министрлик: бардык социалдык төлөмдөр толук жана өз учурунда жүргүзүлдү

Министрлик: бардык социалдык төлөмдөр толук жана өз учурунда жүргүзүлдү

Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу берилүүчү бардык социалдык төлөмдөр толук жана өз учурунда жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 1-апрелине карата 97 075 аз камсыз болгон үй-бүлөлөдөгү 312 759 балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдар төлөнөт. Буга жыл башынан тартып республикалык бюджеттен 840194,8 миң сом каржыланган.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды 94 592 адам алат. Бул төлөмдөргө 894382,1 миң сом сарпталган.

Бала төрөлгөндө бир жолу төлөнүүчү “балага сүйүнчү” алуучулардын саны 33 163 адамды түзсө, ага жалпысынан 133008, 7 миң сом сарпталган.

Кошумча ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 522 адам. Бул төлөмдөргө 5858,5 миң сом бөлүнгөн.

Кош бойлуулук, төрөт боюнча 8871 адам 82874,0 миң сом алган. Сөөк коюуга 800 адамга 2759,6 миң сом төлөнгөн.

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды 41 187 адам алат, ага республикалык бюджеттен 249826,8 миң сом бөлүнгөн.

Мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү алуучулардын документтеринин мөөнөтү бүтсө деле, аларга өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын режими жокко жыгарылган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылды. Башкача айтканда, “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга социалдык кызматтарды көрсөткөн жеке ассистенттердин айлык акылары жана башка төлөмдөр токтоосуз жүргүзүлөт. Мындай чечим Өкмөт тарабынан кабыл алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>