Баткендиктерге кандай социалдык жардам көрсөтүлүп жатканы боюнча Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында жарыяланды.
Министрликтин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата облус боюнча 59 адам 3,7 миң сомдон жөлөк пул алат.
«Баткен облусунун аймагында туруктуу жашаган, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж “өзгөчө статуска” ээ болгон үй-бүлөлөргө 1-марттан баштап ай сайын 1000 сомдон компенсация төлөнүп бериле баштады», — деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалай кетсек, Баткен облусунун жабыркаган жарандары болгон 189 балага жайкы каникул учурунда республиканын балдар лагерлеринде жана пансионаттарында эс алуу уюштурулганы маалымдалды.