Site icon Reporter.kg

Министрлик: беткаптардан курт чыгып жатат деген жалган маалымат — видео

Соңку убакта айрым интернет колдонуучулары “беткаптардан курттар чыгууда” деп тасмаларды жарыялай башташкан.

Ал тасмаларда ысык сууга беткаптарды тосуп, камера менен жакындатканда кандайдыр бир куртка окшогон нерселердин кыймылдап жатканын көрүүгө болот.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин адисттери атайын текшерүүлөрдү өткөрүп беткаптарда эч кандай курт жок экендигин билдиришти.

Адистер суунун ысык температурасынан улам беткаптагы айрым материалдар ээрип, кыймылдагандай көрүнүүсү мүмкүндүгүн айтышат.

 

Exit mobile version