Site icon Reporter.kg

Министрлик диагностикалык борбордогу кемчиликтер жоюлганын билдирди

Саламаттык сактоо министрлиги президенттин тапшырмасы боюнча Республикалык диагностикалык борбордогу бардык кемчиликтер жоюлганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жандандыруу бөлүмүндө кошумча жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн УЗИ аппараты орнотулуп, Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилген. Борбор кошумча хирургиялык шаймандар жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган. Ошондой эле операция, жандандыруу бөлүмдөрүнө төрт жаңы кондиционер орнотулганы айтылды.

Министрлик Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөнүн билдирди. Ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалып жатканы айтылды.

«2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак,8-майда Садыр Жапаров Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барган. Президенттин борбордогу абалдын начардыгынан улам саламаттык сактоо министрине сөгүш берип, кемчиликтерди оңдоого эки күн убакыт берген.

Exit mobile version