Site icon Reporter.kg

Министрлик: Футбол дарбазасы басып калган окуучунун абалы жакшы

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы мектепте футбол дарбазасы басып калып, ооруканага түшкөн окуучу баланын абалы орто туруктуу. Бул тууралуу Салматтыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

“Окуучу башы жарылып, мээси жабыркаган абалда түшкөн. Абалы жакшырган соң, жалпы палатага которулган. Азыркы тапта оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө даарыланууда”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2008-жылы туулган А.А. аттуу окуучу баланы 6-сентябрда футбол дарбазасы басып калып, ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version