Site icon Reporter.kg

Министрлик: коронавируска чалдыккан 5 адамдын абалы оор

Кыргызстанда коронавируска кабылган 5 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медициналык жайларда 146 киши жатса, анын тогузу оорудан айыкты.

Оор абалда жаткандардын экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылса, экөө кычкылтек менен дем алып жатат.

Бүгүн, 5-апрелде дагы 3 адамдан коронавирус табылды. Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп алды.

Exit mobile version