Министрлик: Коронавируска чалдыккандарды дарылоого 3 миң доллардан сарпталууда

Министрлик: Коронавируска чалдыккандарды дарылоого 3 миң доллардан сарпталууда

Республикалык штабыдын маалыматына караганда, коңшу Өзбекстанда коронавирус жугузуп алган ар бир бейтапты дарылоого 3 миң доллар сарпталууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда, Кыргызстанда дагы коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого болжодуу түрдө ошончо акча короп жатканын билдирди.

“Чынын айтсак ар бир бейтапка корогон социалдык-экономикалык чыгымды эсептегенге жетише элекпиз. Бизде деле болжол менен Өзбекстандыкындай», –  деди Үсөнбаев.

24-апрелге карата Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 656 учур катталды. Алардын ичинен 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 адам оорудан каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>