Министрлик: Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт

Министрлик: Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт

Кыргызстанда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги астында сүт палатасы түзүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.

«Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот. Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. Сүт палатасы ушундай ийгиликтүү мисал болуп калат», — деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

Сүт палатасынын ишмердүүлүгүнүн алкагында сүт өндүрүүнү кеңейтүү, айыл жеринде сүттү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу, сүттү экспорттоо ж.б.у.с. маселелер көтөрүлөт.

Жыл аягына чейин тиешелүү органдар менен сүт палатасын расмий каттоодон өткөрүү жол-жобосун аяктоо долбоорлонууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>