Министрлик: Кытайдан 15 дарыгер келсе алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнө бөлүштүрүлөт

Министрлик: Кытайдан 15 дарыгер келсе алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнө бөлүштүрүлөт

Коронавируска каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасы  менен бөлүшүү үчүн Кыргызстанга кытайлык 15 дарыгер келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Учурда биз чет өлкөдөн келе турган дарыгерлердин кандай шартта иштеши тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте даярдык көрүп жатабыз. Алар келген соң өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарына бөлүштүрүлөт”, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 16-апрель саат 10:00гө карата дагы 17 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктуруп алгандардын  жалпы саны 466 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>