Министрлик: Кытайдан 150 миң вакцина келет

Министрлик: Кытайдан 150 миң вакцина келет

19-мартта Кыргызстанга Кытайдан “Sinopharm” вакцинасынын 150 миң дозасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова маалымат жыйында билдирди.

«Биз калкыбыздын 70 пайызын эмдешибиз керек деп жатабыз. Буга чейин Ковакс программасына киргенбиз. Анын алкагында Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинанын 1 млн 300 дозасы апрелдин башында келмек. Бирок март айында Данияда аталган вакцина тромбозго алып келген. Мындан улам эмнеге мындай жыйынтыкка алып келгендиги тууралуу чечимди күтүп жатабыз. Ошондой эле Россиянын «Спутник V» вакцинасынын 5 миң дозасын жардам катары берилери айтылган», — дейт ал.

Анын айтымында, “Sinopharm” вакцинанын оң жагы аны +2, +8 градуста сактоого болот. Эмдөөнүн биринчи этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкер, ИИМ кызматкерлери, 65 жаштан жогору, өнөкөт оору менен ооругандар эмдөөдөн өтөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>