Site icon Reporter.kg

Министрлик ОСАГОну киргизүүнүн мөөнөтүн 6 айга жылдырууну сунуштоодо

ОСАГОсу жок айдоочуларга айыппул салууну киргизүүнүн мөөнөтүн жарым жылга жылдыруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлик камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айппулду 2025-жылдын 1-январынан тарта эмес, 1-июлдан тарта салып баштоону сунуштоодо. Мунун себеби айдоочулардын көбү ОСАГО ала элек болгондугунда. Маселен, «Унаа» мекемесинин маалыматы боюнча өлкөдө 1 млн 690 миң унаа каттоодон өткөн болсо, алардын ичинен 108,5 миңи гана ОСАГО алган.

Белгилей кетсек, ОСАГО тууралуу мыйзам мындан бир нече жыл мурун кабыл алынганы менен анын күчүнө кириши улам жылдырылып келген. Бүгүнкү күнү мыйзам күчүнө кирип, компания-ишканалар, мамлекеттик органдар үчүн иштеп жатат. Ал эми жарандар үчүн бул мыйзам 2025-жылдан тарта иштей баштайт. Камсызданыруу полиси жок айдоочуларга (жеке жактарга) 3 миң сом айып салуу каралган.

Exit mobile version