Site icon Reporter.kg

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу графиги бекитилди

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турунун графигин бекитти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо беш турда өтөт:

Жогорку окуу жайга тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасынын сайтынан катталуу керек.

Министрликтен белгилегендей, каттоодон өткөндөн кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери сайтка жайгаштырылат. Андан кийин талапкерлер жогорку окуу жайга тапшыруу каалоосун ырасташы керек.

«Эгерде бош орундар болсо, 22, 23, 24-августта окууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет», — деп кошумчалады Билим берүү министрлиги.

Exit mobile version