Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламентте министликтерге кагаз кат жолдосоң, бирдей эле жооптордун келгенине нааразылыгын билдирип чыкты.
“Кийинки күндөрү министрликтердин жазган жооптору бирдей эле болуп жатат. “Карайбыз, шартыбызга жараша”- деген эле жооптор… Качан ушундай жооптор токтойт? Так эле, “бүгүн болот же болбойт”- дегенге качан келебиз? Президент Садыр Нуркожоевич бул жерге акча бөлүндү, тиги жерге акча бөүндү, мындай-тигиндей болду деп жатат. Кайра эле министрликтерден жооп алабыз, “карап атабыз, болбой атат”- деп… Ушуга көңүл бөлүп койсоңуз…”— деди депутат.