Site icon Reporter.kg

Минкаб салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартты

Министрлер кабинети кезектеги жыйынында «Форс-мажордук жагдайларга байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомдун долбоорун жактырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, документ министрлер кабинетинин 2022-жылга карата антикризистик чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Бул токтом долбоору менен уюмдар жана жеке жактар ​​үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтүн 2022-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу сунушталат (жазуу жүзүндөгү арыз бербестен):

Exit mobile version