Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө пункту 1-июндан тарта күнү-түнү иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, бул чечим пилоттук долбоордун алкагында кабыл алынып, жүктөрдү 24 саат бою каттоого мүмкүнчүлүк түздү.