Site icon Reporter.kg

Минск соту Тихановскаяны сыртынан 15 жылга эркинен ажыратты

Минскте сот оппозиция лидерлеринин бири, Беларус президенттигине мурдагы талапкер Светлана Тихановскаяны сыртынан 15 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ага 11,7 миң доллар айып салынды.

Оппозициялык координациялык кеңештин иши боюнча мурдагы маданият министри Павел Латушко 18 жылга, дагы үч айыпталуучу: Мария Мороз, Ольга Ковалькова жана Сергей Дылевский 12 жылга эркинен ажыратылды. Алар да Тихановская сыяктуу чет жакта жүрүшөт.

Сот аларды бийликти басып алуу үчүн кутумга баруу, экстремисттик түзүлүштү түзүү, бийликти басып алууга чакырык жасоо жана коомдук кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Мурда мамлекеттик айыптоочу Тихановская менен Латушкону 19 жылга, калгандарын 12 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Координациялык кеңеш 2020-жылы августта президенттикке кайра шайланган Александр Лукашенконун режимине каршы түзүлгөн.

2020-жылы августта өткөн шайлоодо Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенкону жеңүүчү деп тааныган. Көз карандысыз байкоочулар добуш берүү учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар жана бурмалоо фактылары болгонун айтышкан. Лукашенконун каршылаштары чындыгында Светлана Тихановская жеңген, бирок шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептешет.

Шайлоодон кийин Беларуста жапырт нааразылык акциялары болуп, бийлик аларды күч менен баскан.

Президенттикке ат салышууну пландаган оппозиция лидери Сергей Тихановский 2021-жылы жапырт башаламандыктарды уюштурган жана кастыкты козуткан деген айып менен 18 жылга эркинен ажыратылган. Шайлоого анын жубайы Светлана Тихановская катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version