Алтынбек Намазалиев Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анын ордуна аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Мияров дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Мирбек Мияров 1984-жылы Чүй облусунун Жетиген айылында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын инженердик менеджмент адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2005 – 2010 – Бишкек шаардык телефон түйүнүнүн инженери;
2012 – 2019 – “Моби Строй” ЖЧКсынын башкы директору.
Мияров быйылкы парламенттик шайлоодо “Ордо” саясий партиясын жетектеп чыккан.