Мирлан Бакиров Садыр Жапаровдун өкмөтүн бекитүү токтомуна кол койду

Мирлан Бакиров Садыр Жапаровдун өкмөтүн бекитүү токтомуна кол койду

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мирлан Бакиров  10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болуп, жыйынды алып  барган.

Анда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитишкен. Жыйындын башында Мыктыбек Абдылдаев залда 53 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган.

Бүгүн Ибрагим Нуракун уулу жыйынга катышкан бардык депутаттардын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>