Site icon Reporter.kg

Мирлан Самыйкожо: Оюбузду, өз эркиндигибизди каматпайлы

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча активист, саясатчылардын камалышы боюнча Фейсбуктан видео аркылуу кайрылды.

Ал бийликтен тез аранын ичинде бошотулушун айтып, туура эмес жагдай түзүлүп калганын эскертти.

«Эч качан өз оюбузду, өз укугубузду, өз эркиндигибизди, сөз эркиндигибизди каматпайлы!«-деди.

Бүгүн, 23-октябрь күнү таңдан тарта Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү менен кошо пикирлештеринин бир канчасынын үйүн тинтип, суракка алды. Айрымдарын 48 саатка камакка алды.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын расмий ИИМ билдирүүдө.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version