Site icon Reporter.kg

Мирзиеев менен Токаев Кыргызстандын элине көңүл айтты

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында 14 кыргыз жаранынын каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев көңүл айтуу телеграммаларын жолдоду.

Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын элине жана президентине көңүл айтуу менен каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн айтып, жаракат алган адамдарга сакайып кетүүсүн каалаган.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элине, өлкө башчысына жана каза тапкан жарандардын туугандары менен жакындарына көңүл айтуусун жолдогон.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган. Ага байланыштуу Кыргызстанда 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version