Site icon Reporter.kg

Мирзиёев ЕБдан Борбор Азиянын интеграциясын колдоого чакырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27-октябрда Астанада өткөн «Европа Биримдиги – Борбор Азия» саммитинде Борбор Азиянын интеграциясына көңүл бурууга чакырды.

«… Глобалдык жана регионалдык абал кескин өзгөрүп, ушул тапта Борбор Азиядагы интеграция жараяндарына европалык өнөктөштөрдүн активдүү колдоосу зарыл болуп турат. Буга байланыштуу Стратегияны аткарууну тездетүү жана биздин өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн көп тармактуу программалык документти – «жол картасын» кабыл алуу мүмкүндүгүн кароону сунуштайм», — деди Мирзиёев.

Мындан тышкары ал жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы чогуу күрөшүү үчүн Борбор Азия менен ЕБ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын жолго коюуну сунуштады.

«Борбор Азия- Европа Биримдиги» саммити биринчи жолу өттү. Ага чөлкөмдүн лидерлери жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышты.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Шарль Мишелден Казакстан жана Өзбекстан президенттери менен адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүүнү сурашкан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version