Site icon Reporter.kg

Мирзиёев: Конституцияны өзгөртүүгө шашылуунун зарылдыгы жок

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусуна жасаган сапары учурунда «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө шашылуунун кереги жок экенин» белгиледи.

Анын айтымында, Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө эл менен эсептешип иш алып баруу керек.

«Эгер зарыл болсо, биз дагы бир жолу эл менен кеңешебиз. Себеби 150 000 сунуш берген кишилерге алардын сунушу орундубу-жокпу, биз эмнени кабыл алабыз, эмнени кабыл албайбыз, анын себеби эмнеде экенин түшүндүрүп беришибиз керек. Ошондо гана алардын ою менен эсептешип жатканыбызды түшүнүшөт. Ошондуктан шашылуунун кереги жок», — деди президент.

15-июлда Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы Конституциянын долбоорун талкуулоо мөөнөтүн 1-августка чейин узарткан. Мындан соң мөөнөт дагы үч жолу узартылган.

Өзбекстанда Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн долбоору 25-июнда коомдук талкууга чыгарылган. 1-2-июлда Нукуста болгон толкундоолордон кийин Олий Мажлис талкуу мөөнөтүн алгач 10 күнгө узарткан.

4-июлда Мыйзам чыгаруу палатасы Каракалпакстан республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө беренени өзгөртүүсүз калтырууну чечкен.

Конституциялык өзөртүүлөр боюнча референдумдун датасы жарыялана элек. Референдум азыркы президенттин ыйгарым укуктарынын буга чейинки мөөнөтүн жокко чыгарып, жаңы президенттин ыйгарым укуктарын 5тен 7 жылга чейин узартары күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version