Site icon Reporter.kg

Мирзиёев: Көптөр ЖМКларды жабууну сунушташат, бирок мен жаппайм

Шавкат Мирзиёев Кашкадарыя облусуна караштуу Карши районундагы жаңы мектепке барганда жалпыга маалымдоо каражаттарын колдогон билдирүү жасады. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов кабарлады.

“Биз жабык өлкө болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдобогондуктан, элдин үнүн уга албадык. Эркиндиктин деми жагабы? Мага жагат. Ооба, мындай иштөө кыйыныраак болуп жатат. Мага: “Жабыңыз” деп айтышат. Бирок мен жаппайм. Мурункудай прокурор менен Улуттук коопсуздук кызматы текшерүүгө алууга тийишпи?”, — деген президент.

Өзбекстандын мамлекет башчысы ЖМКлар менен “достошуу” зарыл экенин белгилеген.

“Сүйлөшсүн, бирок туура сүйлөшсүн. Сындашсын, бирок туура сындашсын. Эгер алардан айылга, мектепке, билимге пайда болсо, кайра жакшы. Мен күн сайын интернетти окуйм. Мүмкүнчүлүгүмө жараша эки саатымды бөлүп, колума калем алып, белгилеп коем. Он пикирдин тогузу туура чыгат. Бул туура багытпы? Туура”, — деген ал.

2021-жылы февралда Шавкат Мирзиёев журналисттер менен маек куруп жатып, ийгиликтерди жана кемчиликтерди адилеттүү чагылдырууну токтотпоону сураган.

Президент ЖМКлардын ишине кийлигишкен жана кысым көрсөткөн аткаминерлерди жазалоону сунуштаган. Журналисттердин ишине тоскоолдук жараткандарга административдик жоопкерчилик киргизүү 2019-жылы эле сунушталган. Бирок бул норма кабыл алынган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version