Site icon Reporter.kg

Мишустин Жапаровго: Орус тилине болгон мамиле үчүн рахмат

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Чолпон-Атада болгон жолугушуусунда орус тилине болгон мамиле үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Россиянын өкмөтүнүн сайтында айтылат.

«Сизге орус тилине болгон мамиле үчүн рахмат айтам. Биз кыргыз мектептерине биздин россиялык мугалимдерди жөнөтүү практикасын улантабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн өкмөт башчылары 25-26-августта Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында жолугушту.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version