Site icon Reporter.kg

«Мисс Алматы — 2021»: 24 жаштагы студент жеңип алды (Фото, видео)

“Мисс Алматы -2021” сулуулар сынагынын баш байгесин Азиза Токашева жеңип алды. Бул туурасында Tengrinews.kz жазып чыкты.

Маалыматка караганда, биринчи тур  онлайн аркылуу аймактардан өтүп, калыстар тобу 10 кызды тандап алышкан. Анда калыстар тобу сүрөттөрүнө, видео кайрылууларына баа беришкен. Ошондой эле Zoom тиркемеси аркылуу маектешүүлөр болгон.

Бул сынакка Тауекел Мусилим деген актриса, Мадина Садвакасова деген ырчы, «Мисс Казакстан — 2013» сынагынын жеңүүчүсү жана теле алып баруучу Айдай Исаева, дизайнер, стилист AlexChzhen да катышкан.

Азиза Токашева аталган сынакты жеңип алганына кубанып, бирок, жеңиш күтүүсүз болгонун белгилеген.

Токашева Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информация институтунда менеджмент-маркетинг факультетинде магистратурада окуйт.

Exit mobile version