Site icon Reporter.kg

«Мисс Кыргызстан — 2021» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (ФОТО)

Processed with MOLDIV

Биринчи ирет Кыргызстан тарыхында «Мисс Кыргызстан — 2021» сынагы жабык форматта болуп өттү. «Мисс Кыргызстан» Улуттук дирекциясы дароо 5 жеңүүчүнү тандап алды. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлады.

Маалыматка караганда, «Мисс Кыргызстан — 2021» Улуттук титулунун жеңүүчүсү болуп 22 жаштагы Ош шаарынын тургуну Алина Оморова аталды.
Бул жолкусунда аталган сынакка 5 финалист эле чакырылган. Ар бири Кыргызстандын атынан эл аралык сынактарга катышып турмакчы.
22 жаштагы Алина Оморова “Дүйнөлүк сулуулар” конкурсуна катышат.

Processed with MOLDIV

Оморова 5-курстун студенти. Дизайн жана архитектура боюнча адис болуп чыгат. Учурда Бишкек шаарында кыймылсыз мүлк агенттигин жетектейт. Ошол эле убакытта хореография менен алектенет. Психологияны тереңден окуп жатат. Орус тили адабиятын окуйт.

 

1-Вице «Мисс Кыргызстан 2021» жана «Miss Grand Kyrgyzstan 2021» титулуна болсо 18 жаштагы Жамиля Жыргалбекова ээ болду. Ал «Miss Grand International 2022» сынагына катышуу укугуна ээ болду. Ар кандай кайрымдуулук акцияларына активдүү катышат. Кызыл Крест уюмунун ыктыярчысы. Учурда студент, Бишкек шаарында жашайт.

Processed with MOLDIV

2-Вице «Мисс Кыргызстан 2021» болуп 18 жаштагы Ширин Алайчиева аныкталды. Ал «Miss Intercontinental 2022» сынагына катышмай болду. Ширин балет, бийдин улуттук түрлөрү менен алектенет, медициналык институттун студенти.

Processed with MOLDIV

Ал музыкага жакын, чет элдик адабияттарды окуганды жакшы көрөт. Кичинекей кезинен бий сынактарына катышып, мектептен жеңиштерге жетишкен. Мындан тышкары Ширин моделдик кесипти профессионалдуу өздөштүрүп алууну пландоодо.

3-вице «Мисс Кыргызстан-2021» болуп Кемин шаарынан келген 18 жаштагы Салима Асанбекова табылды. Ал Кыргызстандын атынан “Miss International 2021” сынагына катышат.
Салима банк иши боюнча экинчи курстун студенти. Ал үчүн бул алгачкы сулуулук сынагы, буга чейин сулуулук сынагына катыша элек. Бүгүнкү күндө Салима моделдик кесипти өздөштүрүп жатат.

Processed with MOLDIV

4-вице “Мисс Кыргызстан-2021” болуп 17 жаштагы Азиза Бакытбекова ээ болду. Ал орто мектепти бүтүргөн. Хореография менен алектенет. 18 жашынан кийин Азиза Кыргызстандын атынан “Miss Multinational 2022” сынагына катышат.

Processed with MOLDIV

Финалисттер улуттук кийимдер, коктейль көйнөктөрү жана кечки көйнөктөр менен параддан өтүштү.

Катышуучуларды каттоо 2020-жылдын февраль айынан 2021-жылдын 25-сентябрына чейин жүргүзүлдү. (Сынакка катышуу акысыз болду)
Онлайн кастингдин жыйынтыгында Кыргызстандын бардык аймактарынан 146 анкета келип түшкөн. Топ-10 катышуучу жарым финалга жолдомо алды. Бирок, калыстар тобу катышуучулардын ар бири менен маек куруп, эң мыкты 5 финалистти тандап алышты.

“Мисс Кыргызстан-2021” сулуулар сынагынын бардык финалисттери бир нече күн аралыгында бир катар сынактык этаптардан өтүп, расмий фотосессияга катышты. Сынактын жүрүшүндө дирекциянын фотографы Дарья Хан катышуучулардын ар бири менен 3төн ашык сүрөт менен фотосессияларды өткөрдү.

Exit mobile version