Митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган аял кармалды

Митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган аял кармалды

Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган аялдын өздүгү такталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн  арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып,  чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кызматкерлерге кол салган аялдын өздүгү такталып, 47 жаштагы Ч.Н. атуу аял Бишкек шаардык милициясына жеткирилген.

Азыркы учурда жаран Ч.Н. карата  тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмет», — деп жазылат маалыматта.

2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети митингдин уюштуруучулары экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы кармалгандыгын билдирген. Алар “бийликти басып алууга аракет кылган” деп шектелип, тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>