Митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган экинчи аял кармалды

Митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган экинчи аял кармалды

Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган экинчи аялдын өздүгү такталып, кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кызматкерлерге кол салган аялдын өздүгү такталып, 1966-жылы туулган А.Б аттуу аял Бишкек шаардык милициясына жеткирилген. Ал массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө.

2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети митингдин уюштуруучулары экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы кармалгандыгын билдирген. Алар “бийликти басып алууга аракет кылган” деп шектелип, тергөө абагына киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>