Митингде Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган аял 2 айга камакка алынды

Митингде Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган аял 2 айга камакка алынды

Бишкекте 2-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял №1 тергөө абагына 4-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Аталган митингден кийин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин массалык башаламандык менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин да өздүгү такталган. Ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген.

Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларнын бири Каныбек Осмоналиев жана активдүү мүчөсү Анара Дубанбаева дагы эки айга камалган. Тактап айтканда, 3-майга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>