Site icon Reporter.kg

Митингге чыккан энергетиктер: жумуштан кетирүү менен бизди коркутуп жатат

Бүгүн, 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн жанына нааразы болгон энергетиктер митингге чыгышты. Аларды жумуштан кетирүү менен коркутуп-үркүтүүлөр башташталганын билдиришти.

Энергетиктердин айтымында, митингге басма сөз кызматынын кызматкерлери келип, аларды сүрөткө тартып алышкан.

«Жетекчиликке туура эмес маалымат жетип жатат, бул жерде бардык энергетиктер бар. Эми алар бизди сүрөткө тартып, андан кийин жумуштан кетирүү менен бизди коркутуп башташат», — деди «Чыгыш РЭСнин»  улук мастери Динара Эсенкожоева.

Эске салсак, чогулган 100дөй адам «Түндүкэлектрге» дайындалган жетекчи Улан Астаркуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Митингге чыккан энергетиктер бул иштин аягына чейин чыгуу керектигин же биротоло иш таштай тургандарын билдиришти.

Exit mobile version